БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасында, "Самаркандек" заставасынын аймагындагы атышуудан кыргызстандык эки жай тургун жарадар болду. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
Жаракат алгандар — 21 жаштагы Г.у.Б. аттуу эркек бала менен 31 жаштагы И.к.Б. аттуу аял киши.
"Г.у.Б. аттуу жаран башынан жаракат алды, дарыгерлер абалын орточо оор деп баалап жатышат. Самаркандек айылынын И.к.Б. аттуу жараны ич көңдөйүнө ок жеп, бел бөлүгү жаракат алды. Ичине кан толуп, 3-даражадагы травматикалык шок алып абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж. Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Чек ара кызматы бул чатактагы өзгөчө учурду белгилеген.
"Айрыкча тажик тараптан кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат", — деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Тажик тараптын гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонгону айтылды.
Чек ара чатагы алгач, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатак оту Как-Сайда жанды. Булардан кийин Паскы-Арык аймактарында атышуу болду. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алды.