Кудум байыркы империя кыйрагандай... Европанын азыркы тагдыры

Германиянын беделдүү басылмаларынын бири Die Welt Европа кезегинде Рим империясынын жапырт кыйрашын эске салган каатчылык алдында турары болжолдонгон макаланы жарыялады.
Sputnik
Журналист Даниэль Эккерт өз материалында III-V кылымдардагы Рим империясынын абалы менен азыркы Германиянын айрым көйгөйлөрүн өтө этияттык менен салыштырган. Рим империясынын талкаланышына чындап себеп болгон эки учурга токтолгонун белгилейт серепчи Виктория Никифорова. Анын кезектеги макаласы да Европанын ушул чактагы жагдайына арналып, РИА Новости сайтына жарыяланган.
Азыркы пандемияны ал убагында римдик армиясын алсыратып, согушка жарамдуулугун басаңдаткан жана ири калаалардагы экономикалык турмушту начарлаткан чумага салыштырган. Эзоптун тили менен Эккерт Европа биримдигинин "баалардын асмандашы" боюнча азыркы демилгелерин да какшыктап өткөн.
Рим мамлекетинин бааларды ооздуктоого багытталган, эң оболу нандын баасы боюнча дал ошондой олдоксон аракеттери империянын ири экономикалык каатчылыгына кептеген. Ал эми анын кесепеттерин жумшартуу кадамдары укмуштай инфляцияга алып келген.
Кыйраган маалдагы Рим менен азыркы Европанын окшоштуктары оголе көп, бул кээде адамды Европа биримдигинин каатчылыгы атайын уюштурулган жокпу деген ойго да түртпөй койбойт. Эккерт Европанын "батышы" да "Байыркы Римдин сценарийи" менен баратканын баамдайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Украинага курал жеткирүү жана Европа АКШнын баш оорусуна айланды
Эске салсак, ошол убакта империянын аймагында чет өлкөлүктөр көп болгон. Азыр да Вашингтон Европаны мигранттарга толтуруп, соода байланыштарын, биринчи кезекте эле Россия менен кызматташуусуна бөгөт коюп, экономикасын кыйратууда. Ошентип, убагында, тагыраагы, 250 жыл мурун англиялык Гиббон тарабынан жазылган сценарий менен Вашингтондун Капитолийиндегилер "европалык империянын кыйроо жана кулашын" пландап тургандай.
Албетте, табалап же бул көрүнүшкө сүйүнүп болбойт. 2022-2023-жылкы кыш көп кылымдык тарыхы бар Европа кандай гана каатчылыктарды башынан кечирбеди. Согуш, ачарчылык, үрөй учурган эпидемияларды да көргөн. Акыркы он жылдыкта гана бейиштегидей жашайт деген таасир калтырып келет. Болбосо аталган чөлкөм деле жыргап кеткен эмес.
Маселен, X кылымда европалыктар жапырт эле болжол менен 1000-жылы боло турган акыр заманды – кыямат күндү күтүп калышкан. XIV кылымдагы чума эпидемиясынан соң да аларга жашоо бүткөндөй туюлган. Лидерлери улам: "Баары бүттү" деген тейдеги билдирүүлөрдү жасап келишкен.
Соңку убакта Европа биримдигинин башкаруучуларынын айланасындагы риторика радикалдашып баратканына көңүл буруңуздар. Баары "Россияны жеңүүгө" үндөп, акыркы украиналык калганча согушкандарына да кайыл. Ошондой эле ачык эле цензура жүрүүдө. Ал россиялык маалымат каражаттарын бөгөттөлгөнүнөн гана байкалбайт. Европалык басылмалардын өзүндө да бардык контент катуу көзөмөлдөнүп жатканы маалым. Бул эмнени билдирет? Мындай жагдай толук диктатура бар экенин айгинелеп турат.
"Европалык империяны" дал ушундай көрүнүштөр жардан нары түртүшү мүмкүн. Дал ушундай учурларда алар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн кимди садага чаба калсак деп айланасына көз чаптырат. Тегин жерден кезегинде Германиянын абалын таамай чагылдырган "Европанын батышы" ((Der Untergang des Abendlandes), 1918—1922) эмгегинин автору Освальд Шпенглер өмүрүнүн аягында Адольф Гитлерге добушун бербеген чыгар...
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалыктар экинчи украиналык фронт түзүүнү көксөйбү? Сереп