Манастын түшү жана аны Ажы чечендин жорушу. Улуу баяндан 5 факт

Бузукулардын сөзүнө кирген Көкчө Алмамбетти таарынтып алган эле.
Sputnik
Манас баатырдын түшү. Бир күнү Карабөрктүн ордосунда жаткан баатыр түш көрөт. Түшү айтып отурса — бир кызык. Кум учурган баш-аягы көрүнбөгөн чөл да эмес, дарыялар туш-тушунан куйган чалкар көл да эмес, айтор, бөксө-бөксө кара жолдо, бөтөн-бөтөн коодо ат салып келе жатыптыр. Кайдан чыкты, кайда барат, билип болбойт. Келе жатса эле жолдо бир кылыч жатыптыр. Эми бир ажайып кылыч экен: байнеги – алтын, сабы – жез, узуну – үч-төрт кез, сырты – калың, мизи – курч, алкымы – түз, кайкаң – уч. Бул кандай болуп кетти деп Манас кылычты жерден жулкуп алат. Алып эле өткүрлүгүн бир сынап көрөйүн деп уйдай кара ташты карай бир шилеп ийсе баягы таш тең бөлүнүп жатып калат, кылычтын уусу жерди да оё коёт. Кубангандан айкөл Манас кылычты жанга байланып жолун андан ары улайт. Бир жерге барганда жанында асынган кылычы жолборс болуп калат да, Манасты ээрчип алат. Дөбөгө барып жолборсу күркүрөп коё бергенде жан-жаныбар, кайыптар – баары келип, моюн сунушуп таазим этет, бүгүлүп келип турушуп. Анан туруп жолборсу карчыга кушка айланат, кайкып учуп ал кушу көккө чыгып чаңырат, ачуу чаңырыктан не бир түрдүү канаттуу Манастын астына келип тизилет. Жанагы куштун куштан башка үнү бар, куйрук-башы жаркырайт, куудан өткөн аппак жүнү бар өзүнчө эле алп кара куш. Ошол куш Манастын оң колуна келип конот...
Түштү жакшылыкка буруп той берүү. Манас баатыр ойгонуп кетип эле бул түш жөн түш эмес экенин туят. Бээ байланган кез экен. Баатыр кымыздан жутуп, түшүн эстеп кудуңдап, алтымыш бир чабарманды тандап туруп, кырк күндөн кийин тойго келсин деп атпай журтка кабарга жиберет. "Катыны эркек тууган жок, кандай той" деп таңыркап, көбү той себебин биле албай кыйналат. Кырк күнгө чамалап бул тойго "казандай селде чалынып кожосу келет", каны келет, беги келет, байы келет, кедейи келет, аттуусу келет, атсызы келет, "күрсүлөрүн күүлөгөн балбаны келет, күлдү журтун бийлеген зардалы келет". Ат чабышы Кокондон башталат, байгесине үч жүз жылкы, бир миң кой сайылат. Биринчи болуп кыргыздардан Багыштын аты Суркийик келет. Казак менен кыпчактарды коноктоп "шекер менен бал берип, казы менен жал берип, канча түрлүү май берип, кандыра кара чай берип" узатат да, өзүнүн журтун алып калат сырдуу кылып Эр Манас. Өзгө журт тарап кеткен соң кырк жигити калыптыр, аларга кошо Кыргыл чал, Бакай кары бар, атасы Бай Жакып бар. Конок кылган жайы "керегесин керттирген, түндүгүн түрүп тептирген, ууктарын учтаган, учуна манат тыштаган, бастыргычы дейилде, ак манат менен тыштаган, чийин жибек чырмаган, уук менен кереге отуз түрлүү сырдаган Карабөрктүн он эки канат ак ордо. Жакшылар төр таяна отурат, улуулата кырк чанач менен келген кымыз аяктан тынбай сунулат. Оюна келген сөздү айтып божурап отурушат көпчүлүк. Шо кезде баатырдын алдына баасы беш-алты миң дилдеге чыгып барган тон келет, ал тонду ким кийсе салт боюнча алты миң үйгө бий болот, зоболосу зор болот, үйүндө күндө той болот. Манас тонду алып сол карыга салат, анан "душмандын баарын каарыган, темирди талдай таарыган, уруштуу күндө узарган, учунан оту кызарган кылычын жалаң таянып" отуруп, отургандарга "кыла турган ишиң бар, жоруй турган түшүң бар" деп баягы түшүн айта баштайт. Айтып болуп ошол түшүмдөгү кылыч, жолборс, кушумду жоруп бергиле дейт тонду улам-улам көрсөтүп, кылычын жерге ныгыра.
Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт
Түш жоруунун алдынан. Түш жоруйт элем деп турган акылмандардын баарысынын акылдары миңге бөлүндү. Тонду көрүп, эл башылыкты ойлоп түштүн сырын айтып бергиси келет, айтайын деп бу канкордун колундагы ач албарстан айбыгат. Алмамбеттин Эр Көкчөгө келгенин, анын Какандын каны болуп качып чыкканын, адамзаат пендеден акыл жактан да, күч жактан да ага тең келер бирөө болбогонун анча-мынча угушкан экен, лекин анын кутумдардын айынан Көкчөдөн таарынып талаа кезип кеткенин, ага "Манаска барып жолук" деп Акеркеч жалынып-жалбарып калганын эшитпеген экен бири да. Түштүн сырын Абдылда айта албай токтолду, баштаган сөзү аягына жетпей жок болду.
Ажы чечендин Манастын түшүн чечмелеши. Бир убакта сөздү Ажы сүйлөөгө камынды. Учкан чымын токтоду. Шыбыр сөздөр жок болду. Акылманбыз деген адамдар адегенде бири-бирин карашты, анан бүт көздөр Ажы чеченге урунду. Анан ал шашпай айтат, түшүңүз оңолуптур, ошого ишиңиз оңолуптур, ойдогу азиз кишиңиз сизди өзү издеп келатыптыр дейт сүрүнөн эч ким карай албас Манаска тик карап. Ушундан соң ал адамдын кытайга намыс бербегенин, кытай-калмак, манжу биригип, кырылып жатып ал адамды жеңбегенин, бүт ааламдагы кара баштуу кишиден ушул гана эч кимге жеңилбес да, кебербес да эр экенин айтат. Түш жоругуч андан ары ошол издеп келе жаткан кишинин аркы атасы Чылаба, берки атасы Солобо экенин, аларды да адам уулу жеңбегенин, өз атасы Соорондук өкүмөттүн башында турганын айтат. Анын өңкөй Бээжин аскерине башчылык кылганын айтат. Ошонун уулу Алмамбет он сегиз жашына чейин кытайга кызмат кылып, анан алар менен кыл келише албай казак каны Эр Көкчөгө качып келип, ага кызыр болгонун, Эр Көкчөгө эчен жыл эш болгонун айтат. Казактар жайын билбей таарынтканын айтат. Анан аны мындай мүнөздөйт көзү ачык Ажы: "Өткүрлүгү кылычтай, айтканына бек турган убада сөздөн жылышпай, айбаты бар жолборстой". Эми ошол "Алмамбет келип сиз жакка, аркасы тийип биз жакка, ак туйгун болгон кушуңуз, душманга тийген мушуңуз, канаттуулар жыгылып, кашыңызга келгени көк өзүңө сыйынып, сыймыктуу эрдин баарысы сыйынат экен өзүңө, кайыптын баары сыйынып, көрүнгөн экен көзүңө" деп түштү жоруйт. Келе жаткан Алмамбет Эр Манаска бул дүйнөдө жолдош, о дүйнөдө колдош болорун кобурап алакан жаят. Баары бирдей бата кылат.
Манастын Ажыга сыйы. Түшүн жоруткан соң Манас баатыр жаш баладай сүйүнүп, көшүлүп бою жибишип, эбедей бою эзилип, эт жүрөгү созулуп, бир башкача балкып денесин бүлкүлдөтүп, каалгадай кашка тишин кашкайтып күлүп, мүрүсүнө жаап турган карк алтын дейилди тонду Ажыга жабат ийиле, өзүнчө териге батпай сүйүнө. Анан Ажы акылманды "акылың башка Ажысың, арзыганда башыма киер алтын жыга таажысың, сага жаактуудан адам жанашпас, таалайыңды адам талашпас" деп туруп тон кийгизип, бий деген бийик даража ыйгарат.
Эр Көкчө айтылуу баатыр Алмамбетти кантип таарынтканын да билип алыңыз.
Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт