Таласта баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Убактысы

Иш-чара Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Таласта Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, министрликте мааракени уюштуруу боюнча жыйын өтүп, иш-чаралар планы талкууланды.
"Анда Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы 16-сентябрь күнү Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында өтөрү белгилүү болду", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Советтер Союзунун Баатырынын 100 жылдыгын белгилөө республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизилген.
Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, согушка кирген. Бул инсандын тарыхтагы эрдиги өзгөчө. 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын дзотунун амбразурасын денеси менен жаап, баатырларча курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылып турат.
Кайра жаралган Казыбек. Казалчынын 120 жылдык тоюнун видеосу