30 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдүн келерки аптадагы аба ырайы

Апта ичи өрөөндүн тоолуу аймактарына жамгыр жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болорун алдын ала билдирип, божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, апта башында башка аймактар сыяктуу Ысык-Көлдө да жамгыр жаашы күтүлүүдө. 13-сентябрдан баштап күн ачылып, абанын температурасы күндүз 30 градуска чейин ысышы ыктымал. Бирок тоолуу жерлеринде өткүн өтөрү айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы