Окуучуларга таттуу токоч, шоколад көп бербегиле! Диетологдун ата-энелерге кеңеши

Адис баланын тамактануу адатын калыптандырууда ата-эненин ролу чоң экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Level Kitchen сервисинин диетологу жана нутрициологу Татьяна Мещерякова "Известия" басылмасына маек берип жатып балдардын тамактануусунда ата-энелер кетирген катачылыктарга токтолду.
Анын айтымында, ата-энелер окуучу балдарына таттуу токоч, шоколад, чипсы сыяктуу тамактарды көп бербеши керек.
"Булар баланын ден соолугуна зыян. Андан көрө жемиш, кургатылган жемиш, жашылча же быштак кошулган таттууларды берген туура. Балдардын тамактануу рациону чоңдордукунан айырмаланат. Организми өсүп келе жаткандыктан аларга белок керек. Ошондой эле витаминге бай азыктар менен тамактанганы оң", — деген диетолог.
Адис баланын тамактануу адатын калыптандырууда ата-эненин ролу чоң экенин белгилеген.
"Айрым ата-энелер тез татым, таттуу, газдалган суусундукту өздөрү көп ичип көнүп калган да, андан эч жаман нерсе көрүшпөйт. Алар балдарга үлгү болуп таза суу ичип, пайдалуу азыктарды жегенди үйрөтүүнүн ордуна жаман адаттарга көндүрүшөт. Бала жарнамадагы же сүрөттөгү кооз нерсени жегиси келе берет. Бирок аны көзөмөлдөй турчу тарап — ата-эне. Туура адатка үйрөтүүдө да алар маанилүү роль ойнойт", — деген нутрициолог.
Адис бала кыймылдуу болсо көбүрөөк шам-шум этүү керектигин айтып, негизинен окуучулар үч-төрт жолу тамактанса болорун кошумчалаган.
Иммунитетти бекемдөөчү негизги азыктар аталды