Айыл өкмөттөрдүн ишин автоматташтырган "Санарип аймактын" жобосу бекитилди

Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин санариптештирүү максатында иштелип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган система жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине маалыматтык автоматташтыруу системасын киргизүү максатында иштелип чыккан.
Анын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу жана техникалык, технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
жергиликтүү бийликтин жеке жана юридикалык жактар менен натыйжалуу иштеши, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз өз убагында алуу;
коррупциялык факторлорду четтетүү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;
калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуу;
шайлоо, референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдө маалыматтарды жыйноону жеңилдетүү.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" ишканасы "Санарип аймак" АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруучу оператор болуп аныкталган.
Акылбек Жапаров: өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз