Кирди-чыкты кылганда мигранттар эске алчу жагдайлар. Видео түшүндүрмө

Каттоого турчу мигрант Россиядан Казакстанга кирип-чыгарда эки нерсени эсинен чыгарбашы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков Россиядагы мекендештер кирди-чыкты кылууда эмнелерди билиши керектигин түшүндүрдү.
Анын айтымында, каттоого турчу мигрант Россиядан Казакстанга кирип-чыгарда эки нерсени эске алышы зарыл.
"Биринчиден, кирди-чыкты кыларда көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп жатканда документтеги "кирүү максаты" деген жерин карап койгон оң. Аны карап текшерген соң миграциялык картаны алыңыздар. Айрым учурларда чек ара кызматкерлери "транзит" же "менчик" деген пунктуну көрсөтүп коюп жатат. Кирди-чыкты кылчу адам "жумуш" деп келиш керек. Экинчиден, Россиядан чыгып, Казакстанга киргенде, кайра ал жактан чыгып, Россияга киргенде гана мыйзам боюнча чек арадан туура өттү деп эсептелет. Кээ бири ID-картасы менен эле нейтралдуу аймакта туруп Россияга кирип жатат. Мындай кирди-чыкты жарабай, айрым мекендештер каттоого тура албай убара болууда", — деди ал.
Белгилей кетсек, эч жерде расмий иштебегендер гана кирди-чыкты кылып, жашаган жерине бир жылга каттоого турат.
Радио
Эшимов: РФтеги мигранттар үч айга жасалган каттоосун бир жылга узарта алышат