Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык туткун чет элдиктер украин аскерлеринен курал алып кетерин баяндады

Луганск Эл Республикасында колго түшкөн Украина армиясынын 54-бригадасынын аскери Максим Дворниченко чет элдиктер Батыш берген куралдарды кантип алып кетишерин айтып берди.
Sputnik
"Биз Батыштын куралдарын ташып, түшүргөнгө катыштык, сыртынан 70 пайыздайы талкаланып калгандай көрүндү. Андан сырткары, формачан адамдар келишти, кээ бири англисче, кээ бирлери литва тилинде сүйлөп жатышты. Ал куралдарды кайдадыр бир жакка алып кетишти", — деген ал.
Бирок алардын ким экендигин так билбей тургандыгын, болгону куралдын тиби тууралуу көргөндөрүн айткан.
"Балким алар чет элдик ыктыярчылардыр, өздөрүнө керектүүлөрүн машинага жүктөп алып кетишкен. Булар батыш тибиндеги NLAW гранатаметтору болчу, швед өндүрүшүнөн чыккан "матадор" деп да айтышкан", — деген Дворниченко.
Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынан улам Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантууда. Москва мындай иш-аракеттер чыр-чатакты токтотпой, тескерисинче, созо турганын бир нече жолу айткан.