Гималайга аттанат. Кыргызстандык альпинисттердин экспедициясы 7-сентябрда башталат

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырууну ниет кылып турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык альпинисттерден турган топ Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгууга камынууда. Бул туурасында Альпинизм жана аскага чыгуу боюнча федерациянын президенти Эдуард Кубатов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымына караганда, Непал бийлиги альпинисттердин 8 163 метрлик Манаслуга чыгуу демилгесин колдоп, уруксат берген.
"Бул — Гималайга бара турган кыргызстандык альпинисттердин биринчи экспедициясы", — деп жазган ал.
Жети альпинисттен турган экспедиция 7-сентябрда жөнөп кетмекчи. Алардын арасында КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да бар.
Манаслу — Гималай тоолорунда орун алган, Непалдын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндөгү ак кар, көк музга оронгон бийик чоку.
Ак кар, көк муз баскан Ала-Тоодогу чет элдик альпинисттер. Архивдик ирмемдер