Мэрия: Бишкек курултайы качан болору белгисиз

Астында: Иш-чарада республикалык ассамблеяга делегаттарды шайлоо белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сентябрь. — Sputnik. Бишкек курултайынын качан өтөрү боюнча азырынча так маалымат жок.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, анын мөөнөтүн тактоо боюнча маселе шаардык кеңештин күн тартибине чыгарылды.
Буга чейин курултай 10-октябрда өтүшү мүмкүн экени айтылган. Анда Элдик курултайга Бишкектин атынан делегаттарды шайлоо болмок. Натыйжада Бишкектен 10 делегат шайланып, 25-ноябрда боло турган Элдик курултайга барууга мандат берилмек.
Парламенттин ордун баспайт. Садыр Жапаров Элдик курултай туурасында айтты