БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиолог-реаниматологу Айпери Токтосунова жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жолдорун сунуштады. Дарыгердин кеңештери менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору бөлүштү.
Токтосунова жарандар жыл сайын кардиологдун профилактикалык кароосунан өтүшү керек деп эсептейт. Анда холестериндин деңгээли, липиддердин спектри, кандын жалпы анализи, канттын деңгээли жана калкан безинин гормондору текшерилет. Анткени Кыргызстан йод тартыш болгон эндемикалык аймактардын катарында турат.
"Патологиялык өзгөрүүлөр аныкталса, жүрөк жана кан тамырларды кылдат текшерүү зарыл. Бирок баарынан мурда сергек жашоо образын сактоо зарыл. Тамеки чегүү жана ичимдик ичүү сыяктуу жаман адаттарды таштоо жүрөк ооруларына чалдыгуу тобокелчилигин бир топ азайтат. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу акыл-эстин бузулуу коркунучунан да коргойт. Активдүү кыймылда болуу, туура тамактануу да маанилүү элементтери болуп саналат", — деди дарыгер.
Ошондой эле ал адам күнүмдүк кыймылын эске албаганда жумасына кеминде беш жолу 30-60 мүнөттөн жөө басышы керектигин белгиледи.
"Чуркоо да маанилүү. Жумасына үч ирет спорттук машыгууларды жасоого кеңеш берем. Анткени мындай жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу жүрөгүбүздүн саламаттыгын бир топ жакшыртат", — деди кардиолог.
Аны менен катар тамактанууда бир табактын жарымы жашылча жана мөмө-жемиштерден, калган жарымы эт менен (уй эти, тоок эти, балык) дан, макарондон турушу керектигин айтты.