БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Сочи шаарына барып мекендештерге укуктук жана консультациялык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-сентябрь күндөрү көчмө консулдук кызмат көрсөтүүлөр пландалган. Анда кыргызстандыктар ID/жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу маселелер боюнча кайрылса болот.
Жарандар Сочи шаары, Адлер району, Ленин көчөсү 132, 34-кеңсе дареги боюнча кабыл алынат.
Элчилик мекендештерден Сочиде жана Краснодар аймагында жашаган жакындарына көчмө консулдук кызмат жөнүндө маалымдоону өтүнөт.
Кененирээк маалыматты Краснодар крайы боюнча кыргыз диаспорасынын башчысы Айкан Аргымбаева +7(988)-286-51-20 номери боюнча берет.