Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ ЗАЭСтин коопсуздугун камсыздаган механизмдерди киргизүү ниетинде

МАГАТЭ башчысы Рафаэль Гросси жетектеген миссия бейшемби күнү Запорожье АЭСине келген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. МАГАТЭ башчысы Рафаэль Гросси Запорожье АЭСинин коопсуздугун камсыздаган бир катар механизмдерди киргизүүнү болжолдоп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен АЭС боюнча түйшөлүп турам, бизде туруктуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон абал түзүлмөйүн тынчсыздануу токтобойт... Ошондуктан тиешелүү бир механизмдерди киргизүүгө жана кырдаалды жакшырта турган өзүбүздүн адамдардын болушуна аракет кылып жатабыз", — деген Гросси.
МАГАТЭ башчысы Рафаэль Гросси жетектеген миссия бейшемби күнү Запорожье АЭСине келген. "Росатом" делегациясынын жетекчиси жана ЗАЭСтин кызматкерлери МАГАТЭ миссиясын аймагына алып барып, украиналык аскерлердин аткылоосунан талкаланган жерлерин көрсөткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев ЗАЭСке МАГАТЭ өкүлдөрүнүн киришине каршы. Ок алдында калган Энергодар