"Восток-2022" аскердик машыгуулары: жаңы катышуучулар, коюлган рекорддор

Кытай-россиялык же россиялык-индиялык алакалар эч качан Азия-Тынч океан чөлкөмүндө чыңалууга себеп болгон эмес.
Sputnik
"Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окуулары Россиянын, анын Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү союздаштары, өнөктөштөрүнүн уюштуруудагы жана технологиялык артыкчылыгын, дүйнөдө ЖККУ жана ШКУнун аскерий-саясий таасири өсүп жатканын тастыктап турат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында ушул иш-чара тууралуу сөз кылган.
"Восток-2022" машыгуулары 1-7-сентябрь аралыгында РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Валерий Герасимовдун жетекчилигинде өтмөкчү. РФтин Чыгыш аскердик округунун аймагында, Охота жана Япон деңизинин акваториясында уюштурулган бул иш-чарага ЖККУ, ШКУ жана Россияга өнөктөш 14 өлкөдөн 50 миңден ашуун аскер кызматкери катышып, 5000 аскердик техника, анын ичинде 140 учуучу аппарат, 60 согуштук кеме жана аларды тейлөөчү бирдиктер жеткирилген.
Башкаруу органдарынын ыкчам топтору, аскердик контингенттер жана байкоочулар кургактагы жети полигондо жана деңиз акваториясында машыгышат. Бул аскердик окуунун негизги максаты — жоопкерчилик зонасында РФ жана анын союздаштарынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу.
РФтин коргоо министринин орун басары Александр Фомин иш-чараны утурлай бул машыгуу коргонуу мүнөзүндө экенин, кайсы бир мамлекет жана аскердик биримдиктерге каршы багытталбаганын белгиледи. "Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларынын уламышына ылайык, командирлер жана штабдар Чыгыш багытындагы жана Ыраакы Чыгыш деңиз аймагында кастарын тиккендердин мизин кайтаруу менен алпурушат.
Ошондой эле РФтин Чыгыш аскердик округунун "Бурдуны" (Бурятия), "Горячие Ключи" (Курил аралдары), "Князе-Волконский" (Хабаровск крайы), "Сергеевский" (Приморье крайы), "Телемба" (Забайкалье крайы), "Лагунное" жана "Успеновский" (Сахалин облусу) полигондорунда коалициялык күчтөрдүн ыкчам биримдигин жогорулатууга күч жумшалат.
Аскердик окуу эбегейсиз аймакты, тагыраагы, РФтин батышынан чыгышына карай 3000 чакырымды камтымакчы. Тактикалык эпизоддордун негизин Россия жана ага өнөктөш мамлекеттердин аскердик контингенттеринин биргелешкен аракеттеринин варианттары түзөт.
Окуулардын эң маанилүү бөлүгү Уссурийскиге жакын РФтин эң ири "Сергеевский" полигонунда өтөт. Чыгыш стратегиялык багытында аскер-саясий кырдаалдын чыңалуусун Кошмо Штаттар жана НАТО Кытай Эл Республикасынын кооптуулук жаратуу үчүн шыкакталган Тайвань жаңжалы түзүүдө.
"Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларынын жүрүшүндө Тайванга аскер-деңиз десанты жана аба чабуулу пландалган эмес, бирок Вашингтон аскердик иш-чаранын катышуучуларын КЭРдин территориясы болгон Тайвань жаңжалын ырбатышы ыктымал деп айыптоодо. Аскердик окуу "козголоңчу" аралдан эки миң чакырым ыраак материкте жана Япон деңизинде өтүп жатканын белгилей кетели.
Операциялык маанисинде "Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окуулары мындан да масштабдуу болчу. Маселен, 2014-жылдын сентябрында ал кургактагы, деңиз жана авиациялык 20 полигондо өтүп, 100 миң аскер, 1500 танк, 120 учак, 70 кеме жана башка 5000 курал бирдиги тартылган эле.
"Армия–2022" форуму: РФтин Куралдуу күчтөрү жаңы техникага ээ болот
"Восток-2018" стратегиялык машыгууларына 300 миң аскер кызматкери катышып, 36 миң аскердик техника бирдиги пайдаланылган. Анткен менен быйылкы аскердик окуу болуп көрбөгөндөй көп улуттуу курамы менен айырмаланып, Россия менен биргелешкен чөлкөмдүк тутумду түзүү ниетин чагылдырат. Бул РФтин багытын ынанымдуу аскерий-саясий колдоо катары кабылданат.
"Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларынын катышуучуларынын көп улуттуу курамы, ага тартылган күч, каражаттардын саны, географиялык масштабы жана уюштуруунун сапаты жагынан Европадагы же планетанын башка бир тарабында АКШ менен биргеликте уюштурулган натолук аналогдорунан алда канча артык.
Россиянын америкалык санкцияларга, РФти дүйнөгө жаманатты кылуу аракеттерине карабай Индия жана Кытай менен аскер-саясий жакындашуусун, сөздүн түз маанисинде "стратегиялык өнөктөштүгүн" Вашингтондун кыртышы сүйбөй турат.
АКШ Ак үйүнүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер 30-августта Индиянын "Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларына катышуусу кооптондурарын, "Россия менен биргеликте кайсы гана өлкө машыгуу өткөрбөсүн, АКШ тынчсызданарын" билдирди. Кыязы. океан ар жагындагылар россиялык "Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларына катышкан 13 өлкө (Азербайжан, Алжир, Армения, Беларусь, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Лаос, Монголия, Никарагуа, Сирия, Тажикстан) Кошмо Штаттардын "артыкчылыгына доо келтирет" деп кооптонот шекилдүү.
Бул өлкөлөрдүн жалпы калкы үч миллиарддан ашат. Салыштырсак, НАТОго мүчө мамлекеттердин жалпы саны 920 миллионго жакын. Азчылыктын адамзаттын көпчүлүк бөлүгүнө кандайдыр шарттарды жана ойдон чыгарылган "эрежелерди" таңуулаганы демократияга түк коошпойт. Маңызында экономикалык өсүш нугундагы Чыгыш (Азия) менен алынан тайып бараткан жамааттык Батышка (Европа жана АКШ) шайкеш келбейт.
Япон деңизинин акваториясында РФтин Тынч океан флоту жана КЭРдин аскер-деңиз күчтөрүнүн топтору кургактагы жоокерлерди, биргелешкен деңиз экономикалык ишмердигине кирген райондор жана деңиз коммуникациясын коргоого машыгышат.
Москва менен Пекиндин аскердик кызматташтыгы эмнегедир АКШнын 8000 чакырым аралыктагы европалык союздаштарынын түн уйкусун бөлүп жатканы таң калтырат.
"Кытай менен Россия АКШ башында турган дүйнө түзүмүнө чогуу чакырык таштоодо" деген немец тышкы саясий коомчулугунун Россия боюнча эксперти Штефан Майстер. Анын бул айткандарын германиялык Der Tagesspiegel басылмасы жазып чыкты. Мындай баалар эң ириде батыш демократиясынын планетадагы тынчтык жана туруктуулукка залал келтирчү көрүнүшкө айланып баратканынан кабар берет.
Кытай Эл Республикасындагылар Кошмо Штаттардан Пекинге ким менен аскердик машыгууларды өткөрүп-өткөрбөө боюнча көрсөтмө бербөөнү өктөм өтүндү. Кытайлык Global Times басылмасы көп уюлдук дүйнөнүн жаңы шарттарында Кытай, Россия жана башка коңшу өлкөлөр чөлкөм коопсуздугун чыңдоо үчүн аскердик кызматташууну өрчүтүү зарыл экенин белгиледи.
Кытай-россиялык же россиялык-индиялык алакалар эч качан Азия-Тынч океан чөлкөмүндө чыңалууга себеп болгон эмес. Тескерисинче, стратегиялык кызматташуу чөлкөмдөгү тынчтык жана туруктуулукка чоң өбөлгө болуп келет. АКШнын агрессивдүү позициясы, үстөмдүк кылуу, "планетаны тескөө" аракеттери өткөн мезгилдин калдыктары катары кабылданат.
Россия тарабынан сунушталган тең ата жана кебелбес коопсуздук принциптерин Батыш жактырган эмес. Пентагондун жетекчилиги дүйнөгө мурдагыдай көз карашынан жазбайт. Американын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли 30-августта: "Соңку 20 жылдагы биз жүргүзгөн согуштар болочоктогу бул багыттагы аракеттерден өзгөчөлөнөт", — деп билдирди. Анткен менен адамзаттын жарымынан көбү "Восток-2022" биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык окууларына катышуу менен америкалык коркунучтарга салкын кандуулук, акылгөйлүк менен карайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россия эмне себептен аскер кызматкерлеринин санын 137 миңге көбөйттү