БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Таласта кичинекей балдарынын көзүнчө аялын сабап өлтүргөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын инспектору 12,5 жылга эркинен ажыратылды.
Талас шаардык сотунун бул окуя боюнча 26-августта Ж.А.К. аттуу жаранга карата айыптоо өкүмүн чыгарганы маалымдалды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") 2-бөлүгүнүн 7-пункту ("Өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп табылган.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-декабрында жубайы күйөөсүнүн досторунун аялдары менен чогуу корпоративге барып кечигип келген үчүн аёосуз сабаганы айтылган. Видеобайкоого тартылган кадрдан инспектор жубайын үйдүн короосуна кирери менен балдарынын көзүнчө уруп, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Сабалган аял үйүндө жатып таңга жуук каза болуп калган.