Кыргызстандан Пакистанга аба каттамы ачылды

Каттам жумасына бир жолу аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкектен Пакистандын Исламабад шаарына авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындан ары аталган шаарга учак дайыма каттайт.
"Аны жумасына бир жолу, ишемби күндөрү ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы аткарат", — деп айтылат маалыматта.
Аэропорт аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатканын белгиледи.
29-августтан тарта Бишкектен Алматыга күн сайын 4 ирет автобус каттайт