"Ата-Бейитте" кырсыктаган курсанттар. Министрлик кылмыш иши козголгонун айтты

Коргоо министрлиги ант берүү салтанаты жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ишемби күнү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында ант берген Аскер институтунун курсанттарынын жол кырсыгына кабылышы боюнча кылмыш иши козголгонун Коргоо министрлиги кабарлады.
Эскерте кетсек, окуя 27-август күнү болгон. Курсанттар түшкөн атайын автоунаа жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Тогуз адам ооруканага жаткырылып, кийин алардын абалы канааттандырарлык экени айтылган.

"Ант берүү аземи Ата Мекенди коргоочулардын аскердик ритуалдарына өзгөчө маани берүү максатында курсанттардын туугандарын жана жакындарын чакыруу менен жогорку деңгээлде өткөн. Министрлик медициналык текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүүгө зарыл дары-дармек менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт. Жабыр тарткандар айыгып кетүүсү үчүн кошумча күчөтүлгөн тамак берилет. Ооруканага жаткырылган аскер кызматчылары дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Ведомство аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдө жеңил унаа менен кагышкан маршрутка оодарылып калды. Видео