Кытайлык студенттин сөөгү Каракол капчыгайынан табылды. Сүрөт

2000-жылы туулган кытайлык Сай Тун Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунда окугандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бир жумадан бери куткаруучулар издеп жаткан 22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бир жумадан бери куткаруучулар издеп жаткан 22 жаштагы кытай жаранын сөөгү Каракол капчыгайындагы суудан табылды
2000-жылы туулган кытайлык Сай Тун Бишкек гуманитардык университетинин III курсунда окуган. Анын жоголгондугу тууралуу маалымат ИИМге 1-августта түшүп, милиция 18-августка чейин издеген. Андан кийин ӨКМден издөө ишине көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.
25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайындагы сууда кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар кытай жаранынын сөөгүн суудан чыгарып, саат 18:16да РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Соңку издөө иштерине ӨКМден беш куткаруучу, ИИМден сегиз кызматкер тартылган.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 4, 5 жана 7 жаштагы балдар изделүүдө