Ак-Суу районунда жоголгон үч кичинекей бала аман-эсен табылды

Балдар бир күндөн кийин өздөрү жашаган айылдагы көчөлөрдүн биринен табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда изделип жаткан кичинекей үч бала бүгүн табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
"Үч бөбөк өздөрү жашаган айылдагы Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан аман-эсен табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээтен бери Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жашаган 4, 5 жана 7 жаштагы бөбөктөр дайынсыз болуп жаткан. Алар ойногону чыгып кеткен боюнча кайтып келбей, издөө башталган. Кечээ түн кирип кеткендигине байланыштуу ал иштер токтотулуп, бүгүн уланып, Караколдон төрт куткаруучу келген.
Ысык-Көлдө толкунга кабылып, дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылды