Шольц: Россияга каршы сокку уруу үчүн Украинага курал бербейбиз

Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" техникаларды жеткирип жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын аймагына сокку уруу үчүн Германия Украинага курал бербейт. Бул тууралуу өлкө канцлери Олаф Шольцтун T-Online басылмасына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Берлин чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн болгон аракетин жумшап жатат.
"АКШнын президенти Жо Байден дагы Россиянын аймагын аткылоо үчүн курал-жарак бербей турганын айтты. Мен бул принципти баарыбыз карманышыбыз керек деп эсептейм. Биз эч качан жалгыз аракеттенбей союздаштар менен биргеликте иш кылабыз", — деди Шольц.
Буга чейин Шольц Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантып, "ал тургай өтө жаңы, жадагалса өздөрү колдоно элек" куралдарды жеткирип жатканын айткан.
"Биз өзүбүздө бар курал-жаракты Украина менен бөлүшүп жатабыз. Алардын арасынан танкага каршы жана абадан коргонуу системалары, миналар, мылтыктар, тонналаган ок-дары бар. Эми биз татаал жана өтө кымбат системаларга жеттик. Кеп гаубицалар, зениттик системалар, артиллериялык багыттоочу радар системалары тууралуу болуп жатат. Айрымдары өтө жаңы, алар жадагалса өзүбүздүн Куралдуу күчтөргө бериле элек", — деген Шольц.
Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. Мунун фонунда АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары Украинага курал-жарак ташууну улантууда. А түгүл АКШ президенти Жо Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон. Москва Батыштын мындай кадамы жаңжалды создуктурарын айтып келет.
Захарова Киевди БУУда көпчүлүк өлкөлөрдүн колдобогон себебин түшүндүрдү