Жыйында биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикасын көтөрүү, кызматтыштык жана биргелешкен долбоорлор боюнча сөз болуп, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Ошондой эле биримдикте биринчи электрондук, өндүрүш жана фармацевтика тармактарын каржылоо пландалып жатканы айтылды.
Күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири болуп азык-түлүк коопсуздугу каралды. Бул учурда Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрү боюнча өзүн-өзү камсыздоонун жогорку деңгээлине жеткенин айтты. Мындан тышкары, Россия өкмөт башчысы экономикалык биримдик өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алганын кошумчалады.
Ал эми кыргыз тарап мигранттардын шарттарын жеңилдетүү маселесин көтөрдү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму Арменияда өтмөй болду.
Тема боюнча: