24.kg агенттиги бийлик сайтты жабууга аракет кылганын билдирди

Тактай келгенде Маданият министрлиги чечимин кайра артка чакыртып алган, бирок кээ бир провайдерлер сайтка бөгөт койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 24.kg маалымат агенттиги бийлик тарабынан сайтты бөгөттөө аракети болгонун билдирди.
Агенттиктин кызматкерлери бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөткөн катынан биле алышкан. Анда Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы хостинг жана интернет-провайдерлерге, байланыш операторлоруна билдирүү таратканы белгиленди. Алар Маданият министрлиги чечим чыгарганын айтып, 24.kg сайтын эки айга жабууну талап кылган. Деген менен мындай кадамга барууга кайсы материал негиз болгону көрсөтүлгөн эмес.
Кийинчерээк агенттик бөгөт коюу тууралуу чечим артка чакыртып алынганын аныктаган, бирок ошого карабай кээ бир провайдерлер сайтка кирүү жолун жаап салганын айтышууда.
"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам былтыр августта күчүнө кирген. Документтин алгачкы версиясын депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып митингдер менен коштолгон. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Былтыр мыйзам долбоору макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгып, парламент кайра кабыл алып берди. Андан соң президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мыйзамга ылайык, ыйгарым укуктуу орган маалымат боюнча арыз түшсө соттун чечимисиз эле сайтты жаап салат. Мурда соттун чечимине таянып гана ЖМКлардын ишине бөгөт коюлчу.
Сайтты 2 айга жаап салат. Жалган маалымат тараткандарды жазалоо жобосу чыкты