Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болгон сегиз мамлекеттин, төрт байкоочу өлкөнүн жана алты өнөктөш мамлекеттин аскер ведомстволорунун жетекчилери 3,6 миллиард адамдын кызыкчылыгын көздөп Өзбекстанга чогулду. Бул дүйнө калкынын дээрлик теңи. Ташкентте жолуккан коргоо министрлери дүйнө тартибинин келечегин, аны менен бирге жамааттык Батыш болгон АКШ менен НАТОнун ролу менен ордун аныктап жатышат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ири иш-чаранын маани-маңызына токтолду.
Өзбекстандын борбору Ташкент калаасында 24-август күнү ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин коргоо министрлери жыйын курду. Жолугушууга Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустун аскер делегациялары катышууда. Өз ара байланыш, аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери, АКШнын Россия менен Кытайдын чет жакасындагы абалды туруксуздаштырып Европа менен Азияны чайпоо аракети, америкалык "дымак" үчүн атаандаштарды алсыратуу далалаты талкууланды.
ШКУ өлкөлөрүнүн аскер делегациялары кооптуулуктарды 2022-2023-жылга карата түзүлгөн Кызматташтуу планынын алкагында жок кылуу чараларын сунушташты. Министрлер эл аралык террордук уюмдары жанданып жаткан маалда аскердик башкаруу органдарынын өз ара иштешүүсүн мыктылоо үчүн "Тынчтык миссиясы" окуу-машыгуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу "Тынчтык миссиясы - 2023" Россиянын аймагында, ал эми күзүндө ЖККУ маневрлар сериясы Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда өтөрүн эскертти.
Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да өтүп жатат. Мисалы, Беларусь менен Индиянын аскердик кызматташуусу кандай нукта өнүгөрүн коргоо министрлер Виктор Хренин менен Раджнатх Сингх талкуулашты.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коопсуздугу көп кырдуу маселе, ар кыл багыттагы аракеттерди талап кылат. Россия президенти Владимир Путин 23-августта Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен телефондон сентябрь айында Самаркандда өтүүчү ШКУ саммитин талкуулаган.
Буга чейин Өзбекстандын ордо калаасында ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчылары жыйынга чогулган. Анда РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШнын региондогу аскердик окуу-машыгуусу "америкалыктарга биринчи кезекте потенциалдуу согуштук аракеттердин театрын байкап көрүү, бута координаттарын аныктап, жогорку тактыктагы куралдын санарип картасына түзөтүү киргизүү үчүн керек" экенин белгилеген.
Россиянын позициясы
РФ коргоо министри Сергей Шойгу жыйын учурунда ШКУнун күчтүү дүйнөлүк борбор жана "тең укуктуулук менен урмат-сыйга негизделген өлкөлөр аралык мамиленин үлгүсү" катары жогорулап бара жаткан ролуна токтолду. Дал ушул себептен, өзгөчө эл аралык абал олку-солку болуп турган азыркыдай маалда аскерий жаатта кызматташууну бекемдөө, жалпы коопсуздук маселелери боюнча кеңешип туруу өтө маанилүү.
Россия афган көйгөйүн жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун бардык сунуштарын карап чыгууга даяр, муну менен бирге Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды да кабыл алууда. Афганистандагы кырдаалды эске алып (эл аралык террордук топтор, баңгизат трафиги, диний радикализм идеологиясы) РФ Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын күчтөнтмөй болду. Июнда Москвада Борбордук Азия менен Россиянын коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу болуп өтүп, афган багытындагы абал талкууланган. Сергей Шойгу мындай иш-чараларга ШКУ аянтчасында да талап болорун белгиледи.
Россия Шанхай кызматташтык уюмунун аскердик коопсуздук жаатында маалымат алмашуу боюнча аскердик потенциалын өстүрүүнү сунуштоодо. ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коргоо министрликтери ортосунда маалымат менен ыкчам алмашуу боюнча макулдашуунун долбоору даярдалды. РФ министри биргелешкен окуу-машыгуулардын, куралдуу топтор менен күрөшүү боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп жатат. "Учкучсуз учуучу аппараттарга каршы күрөш, маалыматтык жана биологиялык коопсуздук" — артыкчылыктуу багыт бойдон калмакчы. Шойгу коалициялык коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн декабрь айында ШКУ, КМШ жана башка тилектеш мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусун өткөрүүнү демилгеледи.
Москва көп уюлдуулуктун жаңы шартында Европадагы коопсуздуктун укуктук негизин түзүү үчүн көп күч жумшап келет. Вашингтон башында турган Батыш өз ара коопсуздук системасынан баш тартып, НАТОнун Чыгышка карай кеңейүүсүнө жол берилбесин жана альянстын сокку уруучу курал-жарагын РФ чек арасына жакын жайгаштырбасын деген Россиянын принципиалдуу позициясына кол шилтеп келет. Шойгу АКШ менен жамааттык Батыш өзүнүн глобалдуу үстөмдүгүн сактап калуу үчүн "көз карандысыз мамлекеттерге кысым көрсөтүп.., опузалап, коркутуп, түстүү революциялар менен мамлекеттик төңкөрүштөрдү ыксыз пайдаланып жатканын" белгиледи.
Россияга каршы гибриддик согуштун куралы болуп аймагында Пентагондун 30дай биолабораториясы жайгашып, биологиялык куралдын компоненттери иштелип чыккан Украина тандалган. Мындай аракет ШКУ мамлекеттеринин баарына кооптуулук жаратып келет. (https://t.me/mod_russia/19068) Киев режими Минск макулдашуусун аткаруудан баш тартып, Донбасс элине кооптуулук жаратты, андан соң бутага Россия Федерациясы алынмак. Ушунун баары атайын операция эмне үчүн башталганын түшүндүрөт. (https://t.me/mod_russia/19066) АКШ менен НАТОнун Украинага курал-жарак жеткириши адам өлүмүн өстүрөт, тирешүүнү создуктурат. Батыштын түпкү максаты — Россияны обочолонтуп алсыратуу, ал эми Украина бул жерде жөн гана курал болуп берип жатат. РФ ШКУ боюнча өнөктөштөрүнө "принципиалдуу позициясы жана колдоосу үчүн" ыраазы.
АКШ глобалдуу гегемониясы үчүн Түштүк-Чыгыш Азиянын да калыптанып калган коопсуздук системасын бүлүнтүүгө аракет кылып келет. ШКУнун түштүк тарабында бир катар кыйынчылыктар бар, чыңалуу күчөгөн аймактарды Вашингтон "украиналаштырууга" жан үрөөдө.
Кытайды ооздуктоо үчүн КВАД (QUAD) жана АУКУС (AUKUS) сыяктуу аскердик-саясий блоктор түзүлүп жатат, региондогу мамлекеттер НАТО менен кызматташууга тартылууда. Тайвань маселеси ачык эле курчуп, Түштүк-Кытай жана Чыгыш-Кытай деңиздери боюнча территориялык талаш отуна май чачылып жатат. Демек, аймак коопсуздугу "биргелешкен аракет менен гана камсыздалары" белгиленди.
Сергей Шойгу Ташкентте өткөн жыйында "ШКУ мамлекеттеринин аймактык жана глобалдуу коопсуздук маселелерин чечүүдөгү көз карандысыз багыты жалпы дүйнө үчүн үлгү" экенине токтолду. Эскерте кетсек, 2001-жылы түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Беларусь, Афганистан, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ. Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка ШКУ диалогу боюнча өнөктөш. 2021-жылы уюмга Иранды кабыл алуу боюнча процедура башталган. Дээрлик адамзаттын жарымын бириктирген мындай уюм планетада жок.
Дүйнө тартибинин келечеги бүгүнкү маалда Европада же Америкада эмес, Азияда, ШКУ алкагында аныкталары шексиз. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо — уюмдун негизги максаты. Аталган жолугушуу жана анда жетишилген макулдашуулар уюмдун мындан ары өнүп-өсүүсүнө, өз аймагындагы туруктуулукту кармап турууга өбөлгө болуп берет. Эми сентябрь айында Самаркандда бул процесстин уландысын көрөбүз.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.