БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунан түшө турган салыктын Кыргызстанга кирешеси жылына 25 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Инженер эгерде долбоор ишке ашса, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө бир топ пайда алып келерин белгилеген.
"Жол башталган жерде жашоо башталат. Жаңы каттамдын курулушу логистикалык борбор, заводдордун курулушуна себеп болот. Бул долбоор өлкөгө жана Кыргызстандын темир жолуна чоң киреше алып келет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, андан түшө турган салыктын Кыргызстанга кирешеси жылына 25 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин жетиши ыктымал", — деди Спасский.
Адис темир жол Түштүк-Чыгыш жана Батыш Азиянын рынокторуна жол ачарын белгилеген.
"Маршрут Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка, Түркияга, Европа биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздай алат. Транзиттик жүк ташуу аркылуу эл аралык рынокто атаандаштык жөндөмдүүлүгү артып, Кытайдан келчү товарлардын аралыгы менен жеткирүү убактысы кыскарат", — деген ал.