29-августтан тарта Бишкектен Алматыга күн сайын 4 ирет автобус каттайт

Билеттер автобекеттин кассаларында сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-августунан баштап Бишкек — Алматы эл аралык автобустук каттам жанданат. Бул туурасында "Бишкек автобекети" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн сайын төрт автобус Бишкектеги Батыш автобекетинен саат 08:00, 12:00, 16:00 жана 22:00дө жолго чыгат. Жол кире акысы 500 сом. Каттамга билеттер автобекеттин кассаларында сатылууда.
Бишкектен Жалал-Абадга кошумча авиакаттамдар ачылды