Улуттук банк 19 тонна алтындын чет жакка кантип сатылганы боюнча жооп берди

Белгисиз болуп жаткан алтын экспорту башкы банктын операцияларына байланыштуу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Улуттук банк өткөн жылы алтындын запасын толтуруу максатында сатылган операцияларга байланыштуу экспорттун көлөмү көбөйүп кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети 2022-жылдын февралында Кыргызстан өткөн жылы 5 тонна 646,7 килограмм алтынды чет өлкөлөргө 308 миллион долларга сатканын кабарлаган. Бирок жакында эле сандар өзгөрүп кетти. Анда былтыр 24 тонна 846,7 килограмм алтын 1,4 миллиард долларга экспорттолгону көрсөтүлгөн. Ортодогу айырма 19,2 тоннаны түзүп, дал ушундай көлөмдөгү алтын "аты аталбаган өлкөлөргө сатылды" деп жазылган.
Бул жагдай боюнча Улуттук банк комментарий берди.
"Статком 1,1 миллиард долларга бааланган 19 тонна алтын экспорттолгонун жарыялаган. Анда Улуттук банктын акча-кредиттик саясатынын алкагында чет өлкөлүк валюталарда ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу операциялары тууралуу жазылган", — деп айтылат маалыматта.
Алтынды сатуудан алынган каражат Улуттук банктын эсебине түшкөнү белгиленди.
"Аталган каражат 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 миллион доллардын тегерегинде), башка милдеттенмелерди жана тышкы карызды төлөөгө (200 милион доллардын тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деңгээли былтыркы жылдын аягында 169,5 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 977,6 миллион долларды түзгөн", — деп түшүндүрдү Улуттук банк.
Ошондой эле мекеме борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар коопсуздукту сактоо үчүн купуя маалыматтардын категориясына кирерин белгиледи. 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Жогорку Кеңешке сунушталган.
Улуттук банк Кыргызстанга каражат кайсы валюта менен көп которуларын айтты