Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курары пландалууда

Тараптардын жолугушуусу 22-августта Бишкекте өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Orient Trade Investment компаниясы менен каскад куруу боюнча меморандумга кол койгонун кабарлады.
Тараптардын жолугушуусу 22-августта Бишкекте өтүп, Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС) Казарман ГЭС каскадын курууну макулдашкан. Беш-алты жылдын аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.
Каскаддын кубаттуулугу 1 160 мегаватт болот, курулуш иштерине 1 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.
Казакстандык компаниянын жетекчиси Расул Теймуров маанилүү долбоорду биргеликте ишке ашырууга даярдыгын билдирген. Меморандумга кол коюуга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышкан.
Өкмөт КРдеги чакан ГЭСтерди венгриялык ишкана долбоорлой турганын айтты