Диетолог ичеги-карын үчүн төрт пайдалуу суусундукту атады

Кофе дагы тамак сиңирүү системасын иштетип, ичегини тазалоого жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Таң эрте туура суусундук ичүү күч-кубат гана бербестен, ичеги-карындагы көйгөйдөн арылтат. Бул тууралуу Диетология жана тамактануу академиясынын өкүлү Жен Брюнингдин айтымына таянып РИА Новости жазды.
Адис суу, кофе, томат ширеси жана смузини тизмектеп, булардын пайдасын түшүндүргөн.

"Уйкудан кийин организм кургап, суусап калгандыктан сууну таң эрте ичүү сунушталат. Суу тамак сиңирүү системасын иштетип, ичти жумшартат. Кофе дагы тамак сиңирүү системасын жакшыртып, ичеги-карынды тазалайт. Ошондой эле пайдалуу бактерияларга оң таасир этет. Бирок кофеге сүт, кумшекер кошпош керек", — деген Брюнинг.

Адистин айтымында, томат ширесинин курамында клетчатка бар. Ал тамак сиңирүү процессин жакшыртат. Ал эми смузиге ар кандай кошулма, жемиштерди кошуп ичкен пайдалуу. Мындай учурда ичеги-карын пробиотиктер менен байытылган болот.
Диетолог организмди тазалоого жардам берчү азыктарды санап берди