"Көрүү тездик менен төмөндөп, жаракат алгандан бир жылдан кийин толугу менен көрбөй калдым. Мектепке барбай депрессияга кабылдым. Туугандарым Бишкектеги азиз жана начар көргөн балдардын мектеп-интернатына алып барууга аргасыз болушту. Жаңы жерге көнүү мен үчүн абдан кыйын болду. Себеби ал жердеги балдардын көбү тубаса же өтө кичинекей кезинен эле сокур болуп калышкан. Ары-бери басып, кыймылдап, ориентир алганды билишчү. Үй-бүлөмдү сагынып, күндө апама чалып ыйлап, анын жүрөгүн оорутуп жүрдүм. Өмүрүмдүн эки жылы ушундай абалда өтүп, 10-класста гана диагнозумду кабыл алып, жашоомду өзгөртүүнү чечтим. Ошол кезде музыкалык долбоорго катышып, иш-чарага конок катары келген паратриатлон боюнча Азия оюндарынын коло байге ээси Жалалдин Авдувалиевге жолугуп калдым. Жалалдин байке мага Гүлназ Жүзбаеванын жетекчилиги астында Кыргызстандын азиздер федерациясынын алты айлык адаптация курсунан өтүүнү сунуштады. Мен бул сунушту ойлонбостон кабыл алып, жайкы каникулда биринчи жолу үйгө барган жокмун. Алты айдын ичинде таяк менен басканды, тамак жасаганды, мындайча айтканда,, өз алдынча болгонго үйрөндүм. Эң негизгиси, спорт менен машыга баштадым. Жакшы жыйынтык көрсөтүп, учурда паратриатлон менен алектенем. Паратриатлон спорттун үч түрүн: сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоону камтыйт. Германия, Италия, Абу-Дабиде өткөн эл аралык турнирлерге катышып келдим. Алдыда Кытайда өтө турган "ПараАзия оюндары- 2022" аттуу спорттук мелдешке барам", — деди Камчыбеков.