Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто Кыргыз эл артисти, кино жана театр актеру Мукамбет Токтобаевдин жубайы, актриса Жандатбүбү Жаманбаева болду. Биз залкардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган. Эмгек жолун Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө баштап, 25 жашында Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык өнөр институтун аяктаган. Кийин Ош драма театрында, Туңгуч жаштар театрында, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында ондогон образ жараткан. Андан сырткары, Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШнын кинолоруна тартылган.
— Эже, ден соолугуңуз жакшыбы? Жакшы жүрөсүзбү?
— Эми, кудайга шүгүр. Коронавирус деген балакет бир сыйра баарыбызды каптап барып токтоду го...
— Кепти агай менен кандайча таанышып калганыңыздан баштасак?
— 1967-жылы Москвадагы театралдык окуу жайга, ГИТИСке кабыл алуу жүрүп калды. Кыргызстандан 27 бала келип окууга өттүк. Алгач поезд менен 25 бала бардык, экөө кийин барып кошулду. Ал кезде мектепти жаңы бүткөн кезим. Жолдон торсойгон жигит комуз чертип ырдап, элди шаңга бөлөп баратты. Ошондо ырдаганы, үнү, тамашакөйлүгү жагып, эркин жүргөн жигит экенин байкадым. Анан ошону менен оюма деле эч нерсе келген жок. Баргандан кийин бир баласы бар экенин билдим. Үй-бүлөлүү деп ал киши эсебимден чыгып калды. Анан баарыбыз окууга алаксып кеттик. Жүрүп-жүрүп эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, ал окууга узатып, тосуп алчу болду. Анан үй-бүлөсү болгондон кийин мен көп сыртымды салып жүрдүм. Ошентип жүрүп болбой эле кийин үйлөнүп калдык.
К. Гоцинин "Жашыл чымчык" спектаклин койгон мезгил. Актёрлор Марат Алышпаев, Турганбүбү Бообекова Мукамбет Токтобаев
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Үй-бүлөсү эмне болду?
— Эки балалуу болуп калганына карабай ажырашты. Мен "кой, балдардын убалы бар" деп жакшы эле айткам. Бирок болбой эле ажырашып кеткен. "Үй-бүлөнү бузуп жатат" деп үстүбүздөн арыздангандар да болду. СССРдин маданият министри Екатерина Фурцевага чейин даттанышып, ал биздин окуу жайга кат жөнөтүптүр. ГИТИСтин директору Матвей Горбунов деген картаң киши эле. Ал бизди суракка алып бир катар суроолорду берди. Анан Мукамбет "бул кызга үйлөнөм, аялым менен ажырашам" дегенде эле "бара бергиле" деп койду. Кийин Фрунзеге келсек ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова чакырыптыр. Ошентип экөөбүз аябай көп электен өткөнбүз. Ошол себептен сүйүүбүз да бекем болду окшойт. Негизи чыгармачылыкта үй-бүлөнү сактап калуу оңой эмес. Ар кандай нерселер айтылат. Бири-бириңди түшүнбөсөң искусствонун адамы менен чыдап жашоо кыйын эле болот. Ошону менен экөөбүз 46 жыл бирге жашаптырбыз. Бала-бакыраны, небере-чөбөрөлөрдү өстүрдүк. Муканбет өзү атадан жалгыз бала болчу. Кыз бир тууганы да жок. Анан кээде кызуу болуп калганда жалгыздыгын арман кылып ыйлап да жиберчү. Кудайга шүгүр, канат-бутагы жайылып беш эркек, бир кыздын атасы болду. Азыр неберелер үйлөнүп, чөбөрөлүү болуп калдык. Кээде баарыбыз чогулуп калганда үйдө 20-30 киши болуп кетебиз. Анан бака-шака болуп отурушуп баары үй-жайына кеткенде "эк, баары ызы-чуу болуп кишини жыргатып коюшуп, кайра томсортуп кетип калышат" деп жаман болуп калчу. "Ай, анан кетпегенде тыгылып жүрө беребизби" десем, "миллионер болсом чоң үй салып туруп, баарын чогуу жашатып коёт элем" деп калчу. Жалгыздык көкөйүнө тийип калган окшойт.
Мукамбет Токтобаев үй-бүлөсү менен
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Балалыгы кайда кандай өтүптүр?
— Мукамбет алты жашында атасы менен апасы ажырашып кеткен экен. Ошону менен Корумдуда тайларынын колунда чоңойгон. Анан кайненем баласы ата-тегине жакын жашасын дегенби, айтор, "Барскоондун итине болсо да турмушка чыгам" дегенин өзү айтып калчу. Нике кайып болуп экинчи жолу да барскоондук кишиге турмушка чыгат. Ошону менен уулу бир туруп өз атасыныкында, бир туруп апасыныкында жүрүп, эки жакта чоңоюп калган.
— Актёрдук чеберчилиги күчтүү эле, бул талантты кимден алды экен?
— Мукемдин (М.Токтобаев — ред.) айтымында, тайлары абдан таланттуу кишилер болгон. Дүйшөн таякеси бардар турган шайыр-шаттуу, актив адам болот. Анан айылга келген өнөрпоз, актерлорду ал киши сөзсүз конокко алчу экен. Аныкына барбай башка жакка кетип калса, "эмне үчүн меникине эмес башкага жибердиңер" деп чатак салчу дейт. Ал убакта артисттер кечинде эл мал-салын жайлап, жумуштарын бүткөн соң түнкү саат 1:00гө чейин оюн коюшчу. Андан кийин коноктогон үйгө келип концерттин 2-бөлүгүн улантышчу. Коноктор отурган үйгө балдарды киргизчү эмес. Ошол кезде Мукем эшиктин тешигинен, терезеден шыкаалап көрчү экен. Баягылар экинчи айылга кеткенде арабага түшөбү, эшекке минеби, буту жеткен айылга чейин барып, ээрчип көргөнүн айтчу. Дүйшөн таяке өзү да кичине комуз чертип, ошол кишиден комуз үйрөнгөн.
"Мукамбет Токтобаев образды чече билген жагынан мыкты эле. Жок жерден эле бир нерсени ойлоп таап жан киргизип койчу. Театрда армансыз эле ойноду", — деп эскерди жубайы актриса Жандатбүбү Жаманбаева.
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Чыгармачыл адамдардын мүнөзү бир аз таарынчаак, көк бет же бала кыял болорун айтып калышат?
— Ооба, бирок Мукемдин чатак кыялы жок болчу. Бирок эркелиги бар эле. Кээде "сен мени сүйбөй калдың" деп таарынчу. "Оо, кокуй, сүйүүнүн баары картайбадыбы, балдарга өтүп кетти" десем, "ошо, балдарды сүйүп, мени карабай калдың" деп таарынчу. Кичине баладай көңүл буруп туруу керек эле. Эртең менен байпагын, ботинкасын, көйнөгүн даярдап маңдайына кармап турбасаң, өзү эч нерсесин тапчу эмес. Айрымдар "кантип коркпой жашап жатасың" деп сурап калышчу. "ботом, эмнеге корком?" десем көзү жаман дешчү. Көзү сүрдүү эле. Кээде Мукем өзү да "мени кыздар карап жатканын байкап турам. Бирок көрмөксөн болуп жер карап же башка жакты карап туруп, бир убакта жалт көзүнө тике карап жиберсем чочуп кетишет. Ошентип кыздарды коркутам" деп тамашалап калчу. Өзү жакшы киши болчу. Азыр балдарым өздөрү чоң ата болсо да "атам барда башкача болчу. Тамакка отурганда ар кайсынын баарын сүйлөп күлдүрүп, кантип убакыт өткөнүн билбей калчубуз. Бизде келин-кайната деген дистанция жок болчу. Келиндери жаңы келгенде жакшы келин болуп жоолук салынып жүрсө, "айланайын, бери болчу, муну алып эле койчу" деп жоолуктарын башынан өзү алып салчу.
Мукамбет Токтобаев кесиптеши Дүйшөн Байдөбөтов менен
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Өнөр жолу оор болорун айтышат. Агайдын жолунда эмне кыйынчылыктар болду. Дегеле актёрдук жолунда эмне муңайтып же эмне кубантчу эле?
— Бир жылдары кыйын мезгил болуп кино тармагы да убактылуу токтоп калбадыбы. Ошону арман кылып "жакшы бир киного түшө албай калдым" дечү. Эң эле чоң ролун Болот Шамшиевдин "Фудзиямадагы кадыр түн" фильминде ойноду. Андан мурда Ош драмтеатрында иштеп жургөндө Бекен Сейдакматов экөө "Он экинчи небере" фильминде роль аткарды. Андан калгандары кичинекей эле ролдор болду. Бирок бул киши кичине ролдору менен деле элдин эсинде калчу. Образды чече билген жагынан мыкты эле. Жок жерден эле бир нерсени ойлоп таап жан киргизип койчу. Театрда армансыз эле ойноду. 22 жашында Курманбектин атасы Тейитбекти ойноп, залдагылар өтүктөрү менен сахнаны, Мукени көздөй урган учурлар болгон. Анткени баласын каргап, жаман кишинин образын ушунчалык ийине жеткире аткарган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик драма театрына келгенде да мыкты-мыкты ролдорду ойноду. Күтүүсүз жерден "Король Лир" спектакли коюлат деп калышты. Ага чейин мен "Туңгуч" театрында иштеп жүрүп Каирге, Германияга бардык. Ал жакта жүрсөк эле бир актёр Король Лирди ойноп келгенин айтып калышты. Анан биз таң калып барсак сахнага жалгыз таяк көтөргөн артист чыгып, куурчактарды ар кай жерге сайып коюп, ошолорду кыздары, жан-жөкөрлөрү кылып өзү эле ойной баштады. Ошондо башка актёрлордун жок экенин сезген жокпуз, ушунчалык жеткиликтүү ойногон. Баарыбыз Кыргызстанга аны мактап келдик. Бир күнү эле Кыргызбай Осмонов мени чакыртыптыр. Көрсө "Король Лирди" койгону жатышыптыр. Анан жанагы жалгыз актёр менен койгон режиссердун номерин алып чакыртышты. Король Лирди ойноочулардын ичинде Мукамбет Токтобаев да бар экен. Аларга үзүндү берип даярданып келүүгө үйгө жиберишет. Иштен келсем Мукем жөн эле жатат. "Ой, тигини карап бир даярдансаң боло" десем, "эми тетигилер турганда мага эмне" деп койду. Эртеси кечинде иштен "бул жагы кызык болду" деп келди. Көрсө, жаттап даярданып баргандарды албай, эки эле жолу окуп барган Мукемди тандап алышыптыр. Ал режиссёрдун да чакыруусу көп экен. Спектаклди эки айдын ичинде бүтүрүп, сахнага коюп кетти. Үйдө бала-бакыранын ызы-чуусунан даярдана албай калам дедиби, Мукамбет 1,5 ай театрда жашап, ролго даярданды.
Чыңгыз Айтматовдуг "Фудзиямадагы кадыр түн" чыгармасынын негизинде тартылган фильмде Мамбеттин ролунда. Режиссер Болот Шамшиев
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— "Чиркин өмүр" сериалынан кийин эл ичинде "генерал" атыгып кетти эле. Ошол образына канчалык деңгээлде мүнөзү окшош?
— Ошол сериалды эл абдан кубалап көрүшчү. Аны көрүп отуруп малын уурдаткандар болуптур. Эл көчөдөн "генерал келе жатат" деп калышкан. Андан мурдагы ролуна карап Машырбек деп атап жүрүшкөн. Негизи ролдо айтуучу сөзүн аябай жаттачу эмес. Бирок баарын ичинен бышырып, даярданып жүрө берчү. Анан колунун кыймылы менен да ролду жеткирип койчу. Элге окшоп изденип, башын мыкчып өзүн кыйнап отурчу эмес.
— Мыкты да ырдачу экен…
— Бардык жагынан өнөрлүү болчу. Сүрөттү да жакшы тартчу. Бир ирет ырдаганын Муратбек Рыскулов көрүп калып Опера жана балет театрына, Сайра Кийизбаевага алып барган. Сынактан өтүп операда солист катары иштеп калат. Бирок ал жакта иштегенди жактырбай улам эле драмтеатрга качып келе берип, акыры Муратбек агайга кармалып калып "аа, болбодуңбу, эми өзүң бил" дептир. Ошону менен кайра театрда иштеп калган. Анан жакшы обондору да бар. Бул кишинин бир жаман жери, жулунуп өзүн көрсөтүүгө аракет кылчу эмес. "Ырларыңды радиого берип койсоң боло" десем, "билгендер өздөрү эле таап алат" деп койду. Анын сыңарындай, Асылбек Өзүбеков баштаган артисттер ырларын ырдап жүрүшөт. Устачылыгы да бар эле. Таятасы өтүк ултарып, таякелери эмеректердин түрүн колго жасашчу экен. Андан тышкары, машинага абдан кызыкчу. Айдаганга да, оңдогонго да эптүү эле. Бир жолу Көлдөн келе жатып үч бала менен чака-чака жер-жемиш көтөрүп алып, жол тосуп турабыз. Анан эле бир орус аял "оо, боже, как цыгане" деди. Мукамбет аны чаап жибереби деп чочуп кеттим. Мукем колундагы мүшөктү нары коюп жөнөп калганда "эмне кыласың буга көңүл буруп" деп жооткотуп кеттим. Аябай ачууланып жаман болду. Келип эле "эч нерсеңди билбейм, машина алам" деди. Ал кезде экөөбүз тең жакшы тапчубуз. Эртең менен радиодо, андан кийин театрда, кечке маал үн коштоодо иштечүбүз. Андан тышкары, пьеса да жазчу. Ошондон чогултуп отуруп, "цыган" деген сөзгө теригип машина алып алдык. Андан кийин машина мунун хоббиси болуп калды. Машинанын моторун бир күндө 2-3 жолу чечип, кайра чогултуп койчу. Тааныштар таң калып эле ишенбей жатчу. Муну менен бирге пьеса да жазчу. "Көл жээгиндеги үй" пьесасы Кыргыз драма театрында коюлган.
Мукамбет Токтобаев киного караганда театр сахнасында ролду көп жараткан
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Өмүрүнүн акыркы жылдары кайсы ролдо иштеп жатты эле?
— Мар Байжиевдин "Алтынчы күнү кечинде" пьесасынын экрандаштырылган варианты боюнча иштеп жаткан. Окуп, үн жаздырып келди. Жайкы эс алууга чыгып жатышкан. "Мар ага да карып калган го. Акчасын төлөп берем, Көлгө барып келгенге жетет деп жаткан, анан берген жок. Мен да улуу кишиден сурай албадым" деп келди. Ошону менен эртеси, 30-июлда, машинасынын баарын чачып салып оңдоп жаткан. Анан эле Мар ага телефон чалып "акчаңды алып кет" дептир. Ысыкта баргысы келбей, анан автоунаасынын отургучун мындай эле коюп алып айдап кеткен. Машинасын Горький көчөсүнө токтотуп коюп жолдон өтүп баратканда машина коюп кетип жатпайбы...
— Андан бери жети жыл өтүптүр. Туруп-туруп эле келип калчудай болгон сезимдер да болсо керек...
— Андайдын далайынан өттүк. Коронавируска байланыштуу көптөн бери бейит башына бара элек элем. Кечээ небере келиним алып барып келди. Барып куран окуп, эки жагын тазалап, божурап бирдемелерди айтып келдим. Жаңы каза болгон убакта көз жашымды төгүп жүрдүм. Азыр антип ыйлай албайм. Бирок көкүрөк жашка толуп, башкача бук болуп калат экенсиң. Мукем акыркы кезде "убакытты баалабайсыңар" деп көп айтып калган. Жакында эле "Алланын бизге бекер берген эң баалуу нерсеси — бул убакыт" деген сөздү уктум. Ошонун баркын билбейт экенбиз. Ошол сыңары заматта арадан жети жыл өтүп кетти.
Эми небере-чөбөрөлөрүнүн арасында чоң атасынын жолун жолдогондор бар. 1971-жылкы баламдын уулу абдан жакшы ырдайт, бирок чыгармачылыкка такыр көңүлдөнбөй койду. Дагы бир неберебиз быйыл искусство институтун бүттү. Биринчи турмушунан уулу Даниел атасынын жолун жолдоону максат кылып Ленинграддан окуп келди эле. Бирок тилегине жетпей 25 жашында эле каза болуп калды. Азыр 19 небере, 9 чөбөрө бар.
Татарстан, Казань шаары. Эл аралык "Нооруз" театр фестивалында, Король Лирдин ролун ойногон артисттердин тобу
© Фото / из семейного архива Токтобаевых
— Балдарга кандай мамиле жасачу эле?
— Балдарга катуу мамиле жасачу эмес. Алар жокто ачууланат да, келгенде унчукпай койчу. Анан анын ордуна балдарды мен урушуп калчумун. Азыр балдар "атам бир жолу да урушуп, катуу сөз айткан эмес" дешет. Башында белгилүү артисттер менен көп кабаттуу үйдүн 5-кабатында турчубуз. Анан ден соолугума байланыштуу ал жакта тура албай калдым. Ошондо балдар акчасын берип, өзү үй куруп, жер тамга көчүп кеттик.
— Биринчи турмушу менен катыштыбы?
— Балдар катышып турушат. Гүлнурдагы (Гүлнур Сатылганова — ред.) небере үйлөнгөн. Бул жактан биз бардык. Талаш-тартыш өтүп кеткен. Эми болду да, алдыны ойлошубуз керек. Мындан ары балдардын жакшылыгында бирге бололу деп биринчи турмушу менен да катышып турабыз. Болбосо балдардын баары эле менин колумда.