Дарыгер каймактын пайдалуу жактарын айтып берди

Лактозаны көтөрө албагандар кычкыл сүт азыктарын абайлап жебесе, ич көөп, ашказан бузулат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Каймактын пайдалуу касиеттери тууралуу дарыгер-диетолог Лорен Манакер Eat This, Not That басылмасына айтып берди.
"Каймак сүттүн майынын бардыгын камтыйт. Көптөгөн изилдөөлөр бул азык жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүп кетүүсүн алдын аларын аныктаган", — деди адис.
Мындан сырткары, каймакта ичеги-карындын иштешин жакшыртып, иммундук системаны бекемдөөгө жардам берген пайдалуу лактобактериялар бар.
Ошол эле учурда лактозаны көтөрө албагандар кычкыл сүт азыктарын абайлап жебесе, ичи көөп, ашказан бузула турганы эскертилген.
Гастроэнтеролог тоңдурулган азыктын кайсынысы зыян экенин айтты