Пресс-борбор

Министр: бир жумадан кийин кайсы менчик клиникаларга барбаш керектиги ачыкталат

Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке менчик клиникалар санитардык, эпидемиологиялык нормаларды сактап, ал жакта компетенттүү кадрлар иштеши керек деген пикирине толук кошуларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бир жума аралыгында кыргызстандыктар кайсы менчик медициналык клиникаларга барбашы керектигин билишет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Алымкадыр Бейшеналиевдин кайсы чечимдерин министрлик кайра карап чыгат" деген брифингге катышкан.
Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке менчик клиникалар санитардык, эпидемиологиялык нормаларды сактап, ал жакта компетенттүү кадрлар иштеши керек деген пикирине толук кошуларын белгилеген.
"Жеке менчик клиника же кабинетке барарда адам ал жактан оору жуктуруп же өлүп калбай турганын билиши керек. Анткени мындай фактылар катталган. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ишкерлердин кызыкчылыгы эмес, жарандардын ден соолугу менен коопсуздугу маанилүү. Азыркы тапта комиссиялык иш жүрүп жатат. Бир жумадан кийин кайсы менчик клиникага барбаш керектигин билесиздер", — деген Касымбеков.
Мындан тышкары, министрдин орун басары эмне себептен Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык колледж жана окуу жайларды жабуу боюнча чечимин кайра карап чыкканын да түшүндүрдү.
Пресс-борбор
Лицензия, диплому жок иштешкен. Косметологиялык клиникалардагы мыйзам бузуулар