Пресс-борбор

Хайп болду. Убактылуу министр Касымбеков уу коргошун колдонууга каршы чыкты

Касымбеков кызматтан четтетилген министр уу коргошун пайдалуу болсо илимге далилдеп берсе болмок деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков уу коргошунду дарылык максатта колдонууга каршы чыкты.
"Уу коргошун элдик медицинада колдонуларын угуп жүрчүбүз. Анан клиникалык далили жок туруп министр, медицина илимдеринин доктору, профессор катары мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыкканын туура эмес көрөм. Ал — уу, опурталдуу зат, туура эмес ичип алса өлүмгө алып келет, ошондуктан коркунучтуу. Министр ичип атат деп өз алдынча колдонууга болбойт. Мен ага скептикалык көз караш менен карайм", — деди Касымбеков.
Ошондой эле ал кызматтан четтетилген министр Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун чын эле пайдалуу болсо клиникалык жактан натыйжалуулугун илимге тастыктап берсе болмок деген пикирин айтты.
"Дээрлик бир жарым жыл министр болуп отурду, ошону айткандан кийин өтөөсүнө чыгып далилдеп койсо болмок да. Хайп бойдон эле калды. Мен аны дарыгер, министр катары сунуштабайт элем. Тескерисинче, ал жолго барбагыла дейм, кесепети өтө өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн", — деди убактылуу министр.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденцияда аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
Пресс-борбор
Министр: бир жумадан кийин кайсы менчик клиникаларга барбаш керектиги ачыкталат