Машыгуу алдында кантип тамактануу керек. Фитнес-машыктыруучунун кеңеши

Фитнес-машыктыруучу тамак сиңбей калса спорт менен алектенүүдөн майнап чыкпай турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Спорт менен алектенүүгө бир жарым же эки саат калганда тамактануу керек. Бул тууралуу "Газете.ру" басылмасына фитнес-машыктыруучу Юлия Гуляева айтып берди.
"Тамак-аш сиңип, көнүгүүлөрдү жасоого ыңгайсыздык жаратпашы керек. Машыгуу учурунда кандын агымы ички органдардан, атап айтканда, ашказандан булчуңдарга бөлүштүрүлөт. Ошондуктан жеген нерселер сиңбей калса, машыгуу ойдогудай болбой калат", — деди эксперт.
Адис машыгууга аз калганда тамактанууга жетишпей калгандар ачкарын эле спорт менен алектенгени оң экенин айтты. Ошол эле маалда абал начарлап кетпеши үчүн оор көнүгүүлөрдү жасоодон баш тартууга чакырды.
Ал өтө ачка болбош үчүн машыгууга 15 мүнөт калганда банан сыяктуу спорттук жеңил азыктарды жеп коюну сунуштады.
Эртең менен кайсы азыктарды жебеш керек. Тизме