Кыргызстанда балдарга жасалган зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү

Мыйзамга ылайык, балдарга зомбулук көрсөткөндөр кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт жана мунапыс дагы берилбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Балдардын жыныстык кол тийбестигине, өмүрүнө жана ден соолугуна каршы аракеттер үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү караган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.
Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адам жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт. Мунапыс дагы берилбейт.
Мыйзамдын максаты — балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу.
Балдарга жасалган зомбулук тууралуу арыздар көп түшө баштады. Акыйкатчынын маеги