Күн кайра катуу ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягындагы эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Жуманын этегинде айрым жерлерде жаан жааса, кээ бир аймактарда күн ачык болору айтылды. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

13-августта күндүз Чүйдүн кээ бир райондоруна жамгыр себелеши ыктымал. Жекшембиде күн ачык болот. Абанын температурасы 32...34 градус жылуу болору болжолдонууда. Ал эми Таласта апта аягында жамгыр жаабайт. Күндүн табы 30 градуска чейин жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ош облусунда 14-августта жамгыр жаашы ыктымал. Ишембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 36 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Баткен менен Жалал-Абадда дем алыш күндөрү жамгыр жаабайт, күндүн табы 34...36 градуска чейин ысышы ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 13-августта өткүн өтүшү мүмкүн. Бирок жекшемби, 14-августта, күн ачылып, абанын температурасы 32 градуска чейин ысыйт. Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жаан-чачын болбойт.
Тоолуу Нарын жергесинде абанын температурасы 29...31 градуска чейин ысып, жаан-чачын күтүлбөйт. 14-августта күндүз тоолуу жерлерде өткүн өтүшү ыктымал.
Кайсы аймакта жаан көп жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы