Дарыгер баш оорудан арылуунун жөнөкөй жолдорун тизмектеп берди

Адис өнөкөт баш оору менен жабыркагандар кофени чектеп ичиши керектигин же андан такыр эле баш тартууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өз убагы менен иштөө, эс алуу жана тамактануу режимин сактоо баш оорудан арылууга жардам берет. Бул тууралуу врач-цефалголог, отоневролог Анна Лацинова РИА Новости басылмасына берген маегинде билдирди.
"Биз режим дегенде дароо эле убакыт-сааты менен уктап турууну түшүнөбүз. Бул, албетте, маанилүү. Уйкунун аз же көп болушу — шакыйдын пайда болушунун бир себеби. Бирок ооруну алдын алууда иштөө, эс алуу жана убагы менен тамактануу режимдери дагы чоң роль ойнойт", — деген адис.
Анын айтымында, стресс, ачка болуу, уйкунун жетишсиздиги же ашыкча болушу, бөлмө ичинин үп болуп кетиши жана бүлбүлдөгөн жарык баш ооруну козгоочу факторлорго кирет. Ошондой эле кофени ашыкча ичүү дагы шакыйдын пайда болушуна шарт түзөт. Андыктан кофени бир күндө төрт чөйчөктөн көп ичүү сунушталбайт. Ал эми өнөкөт баш оорусу барларга дарыгер кофени чектеп ичиш керектигин же болбосо такыр эле баш тартууну сунуштаган.
"Баш ооруну дене көнүгүүлөрү дагы күчөтөт. Андыктан шакый кармаганда дароо спорт залга барам деп шашпаңыз. Ошол эле учурда ооруну алдын алууда аэробикалык көнүгүүлөр жардам берерин дагы унутпаңыз", — деген Лацинова.
Адис өнөкөт баш оору менен жабыркагандар дарыгерге кайрылып когнитивдүү жүрүм-турумдук терапиядан өтүшү керектигин кошумчалады.
Диетолог кофеден баш тартуу организмди кандай өзгөртөрүн айтты