Эртең мектеп директорлугуна талапкерлерди тестирлөө башталат

Тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эртең, 11-августта, Баткен жана Жалал-Абад облустарында мектеп директорлорунун бош орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт.
Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.
Баткен облусунда 98, Жалал-Абад облусунда 158 мектеп директорлугуна ваканттык орун бар.
Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, 0505 110 10; 0556 110 107; 0755 112 237; 0778 112 238 номерлерине кайрылуу сунушталды.
Ош шаарындагы мектептерге 200 мугалим жетишпейт. Бош орундардын тизмеси