БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Алкоголдук ичимдиктер менен туура эмес даярдалган тамак-аш олуттуу оорулардын пайда болушун шарттайт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, диетолог Маргарита Королева Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, организмдин табигый тазалануусу жагымсыз факторлорду алдын алат. Бул процесске айрым жашылчалар жакшы жардам берет.
"Организмдин детоксикация системасынын кынтыксыз иштеши керек болгондо, мисалы, адам пайдасыз суусундуктарды (алкоголдук ичимдиктерди) тынымсыз ичсе, анда брокколи, түстүү капуста, капуста, шпинат сыяктуу жашылчаларга артыкчылык бериши керек", — деди Королева.
Дарыгердин айтымында, жайкысын ысыктан улам ичеги-карындын иши көп бузулат. Андыктан тамакка ууланбаш үчүн пияз менен сарымсакты көбүрөөк жеш керек.
"Сарымсак менен пияздын курамында табигый антибиотиктер бар. Алар ичеги-карындагы сезгенүү процессин алдын алат. Бул өзгөчө жай мезгилинде начар жуулган жашылчалар же сапатсыз тамак-аштан ууланып калбаш үчүн абдан маанилүү", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Мындан тышкары, диетолог жаңы жашылчалар зат алмашууну жакшырта турганын эске салды.