Гастроэнтеролог тоңдурулган азыктын кайсынысы зыян экенин айтты

Мындай азыктардын катарында сүт, йогурт дагы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7 авг. — Sputnik. РИА Новости гастроэнтеролог Сергей Лопатиндин айтымына таянып, тоңдурууга болбой турган азыктарды санады.
Медик белгилегендей, тоңдурулган үч азык ден соолукка кооптуу болуп саналат. Алар чийки жумуртка, жумшак сыр жана тоңдурулуп, кайра эритилген эт, тоок, балык эттери. Булар бактерия, инфекциянын булагы болуп калышы толук мүмкүн.
Курамында суусу көп жашылча азыктар, анын ичинде бадыраң, капуста, картошка, сүт жана йогуртту да тоңдурууга болбой турганы кошумчаланды.
Күзүндө кайсы балыкты жеген пайдалуу. Диетологдун кеңеши