Россия: АКШ Украинадагы абалдан пайдаланып космоско курал жайгаштырышы мүмкүн

АКШ жана анын союздаштары аскердик пландарын кургактыкта, деңизде жана абада гана эмес, космосто да ишке ашырууну каалап жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. АКШ Украинадагы кырдаалды аскердик-космос чөйрөсүндөгү өзүнүн пландарын ишке ашыруу үчүн пайдаланып, космоско курал-жарак жайгаштырышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзөктүк куралды таркатпоо жөнүндөгү келишим боюнча талкууда Россия делегациясынын башчысынын орун басары Андрей Белоусов билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ жана анын союздаштары өздөрүнүн аскердик пландарын кургактыкта, деңизде жана абада гана эмес, космосто да ишке ашыруу үчүн кошумча аргумент катары Украинаны колдоно турганы факт бойдон калууда", — деди Белоусов.
Дипломат белгилегендей, Америка менен Батыш дээрлик 15 жылдан бери космосто курал жайгаштырууга каршы туруу үчүн кандайдыр бир юридикалык күчү бар келишимди Россия менен түзүүдөн баш тартып келет.
"Бул алар алгач өздөрүнүн аскердик космостук пландарын чектей турган эч кандай милдеттенмелерди алууну каалабай жатканын билдирет", — деди адис.
Ошондой эле ал Батыш космосто артыкчылыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай турганын кошумчалады.
Антонов: азык-түлүк каатчылыгы боюнча Россияга акылга сыйгыс доомат коюлууда