Ат-Башынын Босого жайлоосунда Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленүүдө. Сүрөттөр

Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку Сот тарабынан акталды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө.
1 / 6

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

2 / 6

Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

3 / 6

Жайлоого 80ге чукул боз үй тигилип, сынак уюштурулган

4 / 6

Мындан тышкары, салтанат тамак-аш көргөзмөсү, театрлаштырылган концерт, улуттук оюндар менен коштолду

5 / 6

Казыбек Мамбетимин уулу 1902-жылы Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Совет доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес

6 / 6

Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп. Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку Сот тарабынан акталды

Иш-чаранын ачылышына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.
Жайлоого 80ге чукул боз үй тигилип, сынак уюштурулган. Мындан тышкары, салтанат тамак-аш көргөзмөсү, театрлаштырылган концерт, улуттук оюндар менен коштолду.
Казыбек Мамбетимин уулу 1902-жылы Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Совет доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп. Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку Сот тарабынан акталды. Ошондой эле 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылып, казалчынын чыгармалары камтылган китеп жарык көрдү.
Казыбек казалчы тууралуу китеп жарыкка чыкты