"Россия сегодня" агенттигинин фотокабарчысы Андрей Стенин Донбасска өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу үчүн барган. Тагыраагы, Украинанын түштүк-чыгышындагы куралдуу кагылышууну дүйнө жүзүнө көрсөтүүнү каалаган эле. Ал 2014-жылы 6-августта Снежное шаарында көз жумган. Куралсыз адамдар бара жаткан автоколоннаны украиналык аскерлер аткылап салган. Автоунаалардын биринде Андрей Стенин дагы болгон.
Фотограф кан күйгөн согуштарда болуп, Газа секторундагы, Ливия, Сирия жана башка аймактардагы кандуу кагылышууларды камерага түшүргөн.
Фотожурналист тарткан мыкты кадрларды Sputnik Кыргызстан редакциясынын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.
Тема боюнча: