Москвадан келе жаткан учак Ошко жетпей Бишкекке конду

Окуя бейшемби күнү эртең менен болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Москвадан Ошко учуп келе жаткан учак Бишкек шаарындагы аэропортко чукул конууга аргасыз болду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Окуя таңкы саат 5:00дө болгон. "Урал аба жолдору" компаниясынын учагы техникалык себептерден улам конууга уруксат сураган.
Аэропорттон билдиришкендей, жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылган. Учак Ошко качан уча турганы азырынча белгисиз.
"Жалал-Абад" аэропорту элдин суранычынан улам жабылбай калды