Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЛЭРдин Харьков багытындагы оорук кызматкерлери жумушун көрсөтүп берди. Видео

Аскерлер тамак-аштан, аскер кийиминен маселе жаралган учур болбогонун айтышты.
Sputnik
Луганск Эл Респубилкасынын Элдик милициясынын оорук кызматы ЛЭРдин 206-аткычтар полкунун Харьков багытындагы аскерлеринин керектөөсүн камсыздап жатат.
РИА Новостиге региондогу жагдай тууралуу Старый каймана аты бар жоокер айтып берген.
"Бардык жерде кызмат өтөө кооптуу. Жоокерлер кат күтүшөт, жазып беришет, бири-бирине салам жолдошот. Биз бүт позицияларга барып керектүү нерсенин баары менен камсыздайбыз. Кээ бирлери беш айдан бери бири-бирин көрө элек. Биз ашкана, почта болобуз, керек болсо моралдык колдоо көрсөтөбүз", — деди аскер кызматкери.
Ал эми Кент каймана атындагы командир батальонду камсыздоодо көйгөй жок экенин айтты. Тамак-аштан, аскер кийиминен маселе жаралбаганын, жетекчиликке жана оорук кызматына эч кандай дооматы жоктугун белгиледи.
Тема боюнча:
Эл сабыр керек экенин түшүнөт. Украинага барган казакстандык журналисттин баяны
Харьковго жакын жерде испан тилинде сүйлөгөн жалданма аскерлер жок кылынды