1966-жылы 26-апрелде Ташкентте жер титереп, анын кесепетинен сегиз киши каза болуп, үч жүздөн ашык адам жаракат алган. Ошол эле учурда шаардын ичинде 37 395 имарат толугу менен кыйрап, калаанын 300 миңден ашуун тургуну башпаанексиз калган. Зилзаладан жабыркаган Ташкентке СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев менен өкмөт башчы Александр Косыгин профилдик министрликтердин адистеринин коштоосунда келген.
Брежнев менен Косыгин Өзбекстандын борборун калыбына келтирүүгө ар бир союздук республика жардам бериш керек деген чечим кабыл алышат. СССРдин булуң-бурчунан Улуу Ата Мекендик согуш учурундагыдай ыктыярчылардын отряддары түзүлгөн. Булар кыйраган Ташкентти кайрадан курушкан. Алардын арасында кыргызстандык курулушчулар да шаар курууга салым кошкон. 1967-жылы он миңдеген ташкенттиктер жаңы батирлерге киришкен. Өзбекстандын борборуна жардам берүү үчүн демилге көтөрүлүп Советтер Союзунун эли атайын эсепке он миллион рубль чогултушкан. Ошол учурдагы эсеп менен бул эбегейсиз чоң каражат болчу. Совет элинин ушундай көмөгү менен бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланган.
Кызыгы, бул зилзаладан кийин 1969-жылы эрте күздө коңшу союздук республикада Кыргыз ССРинин адабияты менен искусствосунун декадасы өткөн. Ага кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери катышып, өзбек көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулашкан. Өзбекстандын эли кыргызстандык өнөрпоздорду жылуу кабыл алган.
"Өзбек калкы бизди керней-сурнай тартып, гүл менен тосуп алды. Кенедей балдарынан баштап аксакалдарына чейин бийлеп, бир тууганын көргөндөй кубанышты. Өзбектер кыргызча ырдап, биз өзбек ырларын ырдадык, чынында эле бул эки элдин майрамы болду" деп эскерген композитор Абдылас Малдыбаев.
1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Өзбекстан менен кызматташунун жаңы барагы ачылды.
Тема боюнча: