Жапаров адам өмүрүн алган суу ташкынга байланыштуу Пакистан президентине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистандын башчысы Ариф Алвиге суу ташкындоо кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров адам өлүмүнө алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

“Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары Пакистан Ислам Республикасынын бардык аймактарында адам өлүмүнө алып келип, чоң материалдык зыян тарттырганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондордун бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, деген президент.

Ал ошондой эле терең кайгыруу менен көңүл айтып, пакистандыктардын аза кайгысын тең бөлүшөрүн кошумчалаган.
Садыр Жапаров айлыгы көтөрүлгөн мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды