БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Көрүүнү жакшыртууга сабиз менен кара моюл эч кандай жардам бере албайт. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, диетолог, гастроэнтеролог Маргарита Арзуманян Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
"Мурда көздүн көрүүсүн жакшыртууга сабиз менен кара моюл жардам берет деген пикир бар болчу. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Бул эки азыктын тең кайсы бир органга мынчалык таасир эте турган касиети жок", — деди дарыгер.
Арзуманяндын айтымында, көздүн курчтугун сактоо үчүн тамак-ашта каректин тор кабыгын азыктандыра турган ар түрдүү элементтер жетиштүү болушу керек.
"Омега-3 майын, лютеиндин, цинктин, ошондой эле А, В, С, Е витаминдеринин жетишсиздигин алдын алуу зарыл. Мунун баарын кадимки тамак-аштан алууга болот. Дал ушул заттар көздүн жакшы иштешине жардам берет, башкача айтканда, бар нерсени сактайт. Бирок бузулган нерсени калыбына келтире албайт", — деди адис.
Буга чейин окулист көздүн көрүүсү эмне себептен начарлап кетерин айтып берген.