Казыбек казалчынын 120 жылдыгы Ат-Башынын Босого жайлоосунда белгиленет

Иш-чара Босого жайлоосунда уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 5-6-августта акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чара Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда уюштурулат.
Эске салсак, буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде акын Казыбек Мамбетимин уулунун (Казыбек казалчы) 120 жылдыгына карата өтө турчу иш-чаралардын планы талкууланган.
"Казалчынын 120 жылдыгына арналган мааракенин режиссеру Алтынбек Максүтов болмокчу. Анда театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, улуттук оюндар ойнотулуп, жарманке уюштурулат. Иш-чара концерттик программа менен коштолот", — деди уюштуруучулар.
Кийинчерээк Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Казыбек казалчынын чыгармаларын даңазалоого арналган акындардын эл аралык айтышын өткөрүү, Бишкек шаарынын мектептеринин бирине ысымын ыйгаруу пландары бар.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп. Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Ошондой эле казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды.
Токтобек Асаналиев: Казыбек казалчы акталып, экинчи өмүрү башталды